Диалог (4-күн)
A1
Бермет: Саламатсызбы
Сезим: Саламатсыз
Бермет: Мен Түркияга жолдомо алдым
Сезим: Куттуктайм, жакшы эс алып кел
A2
Бермет: Саламатсызбы! Мага билет боюнча маалымат керек болуп жатат.
Сезим: Саламатчылык! Сурай бериңиз, угуп жатам
Бермет: Мага Туркияга эки күнгө билет керек, тамактануусу менен бирге болсо сонун болмок, карап бересизби?
Cезим: Албетте, бир мүнөт күтө турунус.
Бермет: Макул.
Сезим: Мына бул жерде алты билет, бирок сизге экинчиси ылайыктуу, карап көрүңүз.
Бермет: Чынында мага ылайыктуу экен, ушул билетти бересизби?
Сезим: Сиздики он эки миң сом болду, карта менен төлөйсүзбү?
Бермет: Ооба, карта мына, чоң рахмат!
Сезим: Эчтеке эмес, келип туруңуз!