Диалог (8-күн)
A1
Самат: Алоо, кутмандуу күн сизге
Белек: Алоо, сизге дагы кутмандуу күн
Самат: Куттуктаймын, автоунаа утуп алдыңыз
Белек: Чынбы? рахмат
А2
Самат: Алоо, кутмандуу күн! Бул Белекпи?
Белек: Ооба, а бул ким?
Самат: Мен концерттерди башкаруу саласынан чалып жатам. Бир жума мурун сиз сынакка катышкан экенсиз. Байгеде концертке билет болгон. Куттуктайм! Сиз ошол билетти утуп алдыңыз!
Белек: Чын элеби? Ишенбей турам! Кубанычыма чек жок!
Самат: Ооба! Мага сиздин электрондук почтаңыз жана дарегиңиз керек.
Белек: Belek99@gmail.сom – бул менин почтам, жана Ак-Ордо турак жайы, Мурас көчөсү – менин дарегим
Самат: Чоң рахмат! Чабарманды күтүңүз!