Текст (10-күн)

Жаңы жылга план түзүүдөгү катачылык

Төмөндө максатка жетүүгө тоскоол болгон негизги катаны талдап, узак мөөнөттүү пландарды туура түзүүнү айтып беребиз.

1#ката: Ачкөздүк

Убакытка ачкөздүк менен карап, көп нерсени жасап жетишкибиз келет.

#2 ката: Сиздин максаттар эмес

Кээде адамдар башка адамдардын күтүүлөрү жана стереотиптеринин таасири астында максаттарды коюшат.

 #3 ката: Максат менен кыялды адаштыруу

Кыялдар абстрактуу. Алар аткарылышы күмөндүү жана бул сизден көз каранды. Мисалы, сууда сүзүүнү үйрөнүү — кыял. Бул азырынча конкреттүү эмес, анын мөөнөтү жок… Мындан улам, көпчүлүк адамдар кагаз бетине түшүргөн пландардын узун тизмесин бир гана кыял деп баалоого болот.

#4 ката: Күнүмдүк иштер менен жыл өткөрүү

Дагы бир көп кездешкен ката – бул бир күндү гана эмес, толук бир жылды күнүмдүк иш менен өткөрүү.  Планды максатка карай жол катары эмес, өз убагында жасала турган иштердин тизмеси катары гана кабыл алуу менен байланыштуу.

Дагы окуу үчүн бул шилтемени басыңыз

License

LEARN TURKIC LANGUAGES Copyright © by Funda Güven; Zhazira Agabekova; Balaussa Amir; Yulduzkhan Turgunova; Dariga Kanatova; Adiya Ibrayeva; Maftuna Khalmatbayeva; Anargul Essenaliyeva; Dilyara Ergashvayeva; Nargiz Karamova; and Sanam Maratova. All Rights Reserved.

Share This Book