Диалог (11-күн)
A1
Аман: Мен ооруканага баратам.
Акыл: Денсоолук кандай? Жакшыбы?
Аман: Тишим ооруп жатат.
Акыл: Даарыгер айткан даарыларды колдон.
A2
Доктур: Саламатсызбы! Эмнеңиз ооруп жатат? Эмнеге нараазысыз?
Кардар: Саламатсызбы! Менин ашказаным тынчсыздандырып жатат. Эмне кылышым керек?
Доктур: Келиңиз, бул жерге отуруңуз, текшеребиз. Акыркы жолу кандай тамак жедиңиз?
Кардар: Акыркы жолу мен каша жегем, бирок ашказаным эки күндөн бери ооруп жатат.
Доктур: Түшүнүктүү, азыр мен сизге даары-дармек жазып берем. Күндө үч маалдан ичесиз.
Кардар: Чоң рахмат!
Доктур: Үч күндөн кийин кабарыңызды билдириңиз. Айыкпасаңыз анда, анализ тапшырып керек. Чөө-жайын билип анан башка жол менен дарылоо керек.
Кардар: Макул, үч кундөн кийин телефон чалам. Жакшы туруңуз!
Доктур: Тез айыгып кетиңиз!