Текст (13-күн)
Мектепке 15 жашында барган. Ахунбаев Иса Коноевич 1908-жылы 25-сентябрда Ысык-Көл оболусунун Тору-Айгыр айылында жарык дүйнөгө келген. 1916-жылдагы Үркүндө ата-энеси менен Кытайга качып, башынан далай оор күндөрдү өткөргөн. Ысык-Көлгө 15 жашында кайтып келгенден кийин партага отурган. Мектепте окуу үчүн 20 чакырым алыстыкты жөө басып, Тору-Айгырдан Балыкчы шаарына келип турган. Ал эле эмес, 1925-жылы куржунун артып алып Балыкчыдан Бишкекке жөө келет.
Дагы окуу үчүн бул шилтемени басыңыз