Диалог (15-күн)

A2


Асыл: Кече мен спорт мектебине бардым.

Максат: Абдан жакшы, машыгууну каалайсынбы?

Асыл: Ооба, ден соолукка пайдалуу кесип деп ойлоймун.

Максат: Эл аралык турнирлерге да барсаң болот.

A2

Баяндамачы: Баарыңарга салам. Бүгүн мен спорт жана спорттук ден-соолук жөнүндө  кыскача бирок маалыматтуу кылып айтып берүүгө тырышам.

Угуучу 1: Спорт бул өмүр дегенге кошуласызбы?

Баяндамачы: Албетте, толуктай кошулам. Спортты адам өзүнүн ырахаты жана ден-соолугу үчүн машыгат.

Угуучу 1: Бул жакшы жооп!

Угуучу 2: Бирок спорттун оор жана коркунучтуу түрлөрү бар. Аларга көз карашыңыз кандай?

Бандамачы: Спорттун ар бир түрү  жашоого укуктуу. Бирок спорт менен машыгуудан мурун бардык кыйынчылыктарды эске алуу керек.

Угуучу 1: Кээ бир спортчулар денесине жаракат алышат.

Угуучу 2: Күнүмдүк спорт жаракатсыз да болот. Жалпы элдер өздөрүнүн ден соолугу үчүн машыгат да.

License

LEARN TURKIC LANGUAGES Copyright © by Funda Güven; Zhazira Agabekova; Balaussa Amir; Yulduzkhan Turgunova; Dariga Kanatova; Adiya Ibrayeva; Maftuna Khalmatbayeva; Anargul Essenaliyeva; Dilyara Ergashvayeva; Nargiz Karamova; and Sanam Maratova. All Rights Reserved.

Share This Book