Диалог (17-күн)
A2
Кошуна: Салам! Мен сенден бир нерсе сурайын дегем.
Кошуна 2: Салам, сурай бер, угуп жатам.
Кошуна: Биздин аймакта кандай жакшы тамактануучу жерди билесиң?
Кошуна 2: Биздин аймакта эки жакшы тамактануучу жер бар, бирөөсү улууттук тамактар, экинчиси Түштүк Корея ашканасы.
Кошуна: Сен өзүң кайсынысын жактырасын?
Кошуна 2: Мен көңүл маанайыма карай бара берем. Анткени экөө тең жакшы даамдуу тамактарды даярдашат.
Кошуна: Дарегин айтып коесуңбу?
Кошуна 2: Албетте, Айтматов көчөсү 12, картадан карасаң так көрүнүп турат.
Кошуна: Тандоо көп экен, сага чоң рахмат!
Кошуна 2: Эч нерсе эмес.