Сөздүк (17-күн)
Сөздүк
- Улут – адамдын тилинин, маданиятынын, психологиясынын, каада–салттарынын, жашоо ыңгайынын өзгөчөлүктөрү менен айырмаланган кишилердин белгилүү бир этностук жалпылыгына таандыктыгы.
- Даторкон -1) үстүнө тамак-аш коюлчу кастарлуу буюм. Дасторконду жайганда туюк учу төрдү каратылып, алгач нан коюлат.
- Той – кубанычтуу окуяларга арналып, салтанат менен өткөрүлүүчү элдик ырым-жырым.
- Заман – доор, мезгилдин башталышы – адам коомунун өнүгүшүнүн белгилүү бир мезгили.