Диалог (22-күн)
А1
А2
Кардар: Алло! Саламатсызбы! Мен көйнөк заказ кылайын дедим эле, накталай барбы?
Сатуучу: Саламатсызбы! Ооба, бар, сизге кандай фасон, канчанчы өлчөм жана кандай өң керек?
Кардар: Мага узун, сары өңдөгү жана кырк экинчи өлчөмдөгү көйнөк керек.
Сатуучу: Түшүнүктүү, азыр мен сиздин талаптарыңызга ылайыктуу заказды карап көрөйүн, бир мүнөт күтүүңүзду сурайм.
Карадар: Макул, күтүп жатам.
Сатуучу: Сиздин заказыңыз табылды жана кабыл аллынды, мага дарегиңизди айтасызбы?
Кардар: Керемет! Дарегим Бишкек шаары, Мурас көчөсү 28
Сатуучу: Болду, заказыңызды күтүңүз, жеткизип беребиз