Диалог (23-күн)
А1
Чач-тарач: Сизге кандай чач өңүн бойо керек?
Кардар: Мага жарашкан өң күрөң
Чач-тарач: Күрөң өңдүн коңурунбу? же агышынбы?
Кардар: Күрөң өңдүн коңуру мага жагат
А2
Чач-тарач: Саламатсызбы! Сизге кандай чач үлгүсү керек?
Кардар: Саламатсызбы! Мага каре чач үлгүсү керек, бирок өтө кыска эмес.
Чач-тарач: Макул. Бизде арзандатуу жүрүп жатат, чач кыркуу менен бирге чачты стилдөө бир баада, кыласызбы?
Кардар: Абдан сонун! Каалайм албетте! Курбуларыма дагы айтып көрөйүн.
Чач-тарач: Ооба, бирок бул арзандатуу тек каре чач үлгүсүнө гана жарайт.
Кардар: Макул, эсиме сактап алам.