Сөздүк (26-күн)
- Чөл – өсүмдүк өсүүгө шарты катаал аймактарда нымдын (кургакчыл чөл) же жылуулуктун жетишсиздигинен (суук чөл) пайда болгон ландшафттын тиби.
- Шишкебек – Шишке сайылып, чокко какталып бышырылган бир нече кесим эт.
- Мамлекет – укук теориясында коомду уюштуруунун белгилүү ыкмасы, баардык коомго таралуучу, анын ырасмий өкүлү катары чыгуучу жана аргасыз кылуу каражаттары менен чараларына таянган саясий тутумдун, жалпы саясий бийликти уюштуруунун негизги катышы.
- Арал – кургактыктын төрт тарабы суу менен чулганган бөлүгү. Материктен чаканыраак болот.