Сөздүк (27-күн)
- Саякат – белгилүү бир аймакка илимий, жалпы таанышуу, спорттук ж. б. максатта уюшулган сапар, жүрүш.
- Билим – адам тарабынан кабыл алынуучу, сезилүүчү, түшүнүлүүчү жана анын оюнда сакталып калуучу информация (маалымат).
- Китеп – 1) көлөмдүү басылма; 2) маалыматты сактоонун, аны муундан-муунга өндүрүмдүү өткөрүп берүүнүн бир формасы. Илим-билим, маданият, адабий-көркөм чыгармаларды жайылтуунун, сактоонун маанилүү каражаты.
- Пейзаж – кайсы бир жердин көрүнүшү, сүрөтү; живопись менен графиканын негизги предмети – жаратылышты чагылдыруу.