Диалог (29-күн)
А1
Асылай: Жер титирөө кезинде этият бол, ордуңдан жылба
Акылай: Билем, жүгүрүүгө болбойт
Асылай: Үстөл астына бекинип ал
Акылай: Сиз дагы этият болуңуз
А2
Кошуна: Саламатсыңбы, кошуна, кече жакында биздин айылда жер титирөө болуптур, жаңылыктардан уктуңбу?
Кошуна 2: Саламатчылык! Ооба, уктум, жаман болуптур, менин туугандарым жашаган жерде эң күчтүүсү болуптур.
Кошуна: Жаман болгон тура! Азыр баары жакшыбы?
Кошуна 2: Азыр баары жакшы, рахмат. Тез жардам чакырып жабыр тарткан адамдарга жардам беришти.
Кошуна: Эң башкысы баардыгы аман-эсен болсо болду.