Диалог (24-күн)
A2
Студент: Саламатсызбы, Сиздин батир айына канча сом болот?
Батирдин Кожоюну: Ай сайын он миң сом.
Студент: Курбум менен бирге турсам бөлүп төлөсөм болобу?
Батирдин Кожоюну: Болот, тазалык менен тынчтык болсо болот.
Пери: Саламатсызбы! Мен сиздин батириңизди интернеттен көрүп ижарага алайын дегем, баасы боюнча суйлөшсөк жакшы болмок.
Сатуучу: Саламатчылык, баасы ошол бойдон, интернеттегидей.
Пери: Коммуналдык кызматтар ошол акчага киреби?
Сатуучу: Ооба, кирет.
Пери: Анда жакшы экен. Бирок мен бир курбум менен жашайт элем, буга эч кандай доомат жокпу?
Сатуучу: Эгерде бир эле кыз болсо эчкандай доомат жок. Башкысы тынч, таза жана узак убакытка болсо болду.
Пери: Макул, сизге рахмат.
Сатуучу: Эртең ачкычка келсеңиз болот.