Диалог (25-күн)

А1


Үй эээси: Саламатсыздарбы, кош келиңиздер.

Коноктор: Той маарек болсун, үйүңүздөр куттуу болсун.

Үй эээси: Болсун, болсун, бирге болсун.

Коноктор: Той тойго улансын, ырыскылар үйгө толо берсин.

А2

Аиша:  Нурбек, сен эртен коноктор келет экенин билесиңби?

Нурбек: Жок, билбейм, кандай коноктор келет?

Аиша: Апамдын жана атамдын курбулары келет.

Нурбек: Аа, аяш ата, аяш апаларыбызбы?

Аиша: Ооба, ошого карай биз даярданышыбыз керек. Сен короону шыпыр, а мен болсо үйдүн жумуштарын кылайын.

Нурбек: Мейли, мен барып Нуриза эжеме коноктор келет экен деп айтып келейин.

Аиша: Чын эле! Кечкиге тамак жазаш керек деп дагы айтып коесунбу?

Нурбек: Макул.

 

License

LEARN TURKIC LANGUAGES Copyright © by Funda Güven; Zhazira Agabekova; Balaussa Amir; Yulduzkhan Turgunova; Dariga Kanatova; Adiya Ibrayeva; Maftuna Khalmatbayeva; Anargul Essenaliyeva; Dilyara Ergashvayeva; Nargiz Karamova; and Sanam Maratova. All Rights Reserved.

Share This Book