Диалог (28-күн)
А1
Айбермет: Бирге сейилдеп келели?
Айзирек: Кеттик, аба ырайы да салкын экен
Айбермет: Таза аба жутуп, көңүл көтөрөлү
Айзирек: Узакка жөө жүрүп көрөлү
А2
Нуржан: Салам! Эртең аба-ырайы жакшы болот экен, көчөгө чыгып сейилдеп келели.
Изат: Салам! Канча градус болот экен? Мен жамгыр жаайт дегенди окугам.
Нуржан: Эртең жыйырма градус болот экен, жамгыр жаабайт кабатыр болбо.
Изат: Абдан жакшы! Мен анда көйнөк кийип барам.
Нуржан: Макул, көрүшкөнчө!
Изат: Көрүшкөнчө!