Сөздүк (19-күн)
- Майрам – күндөлүк турмуш менен байланышпаган, бош мезгилде өткөрүлө турган, ыйыктык чөйрөсү менен өзгөчө байланышы бар салтанаттуу мүнөздөгү коомдук окуя.
- Кылым – жүз жыл (мисалы, 1901-жыл 1-январдан 2000-жыл 31-декабрга чейинки мезгил 20-к.).
- Жаратылыш – ааламдын материалдык дүйнөсү, маңызы боюнча табигый илимдерди изилдөөчү объект. Турмушта “жаратылыш” сөзү көп учурда табигый жашоо чөйрө деп аталып жүрөт.
- Салтанаттуу – кандайдыр бир окуя, белгилүү бир дата, үрп-адат, ырым-жырым жана башка салтанаттарды белгилөөдө же бир нерсени талап кылган учурда аны жалпы коомго жеткирүү үчүн эл алдында жүрүшкө чыгуунун бир формасы.