Сөздүк (20-күн)
- Дүйнө – материянын бардык формаларыпын бир бүтүн жыйындысы, жер жүзү жана андагы бардык жаратылыш; материалдык байлыктардын жыйындысы, белгилүү бир коомдук түзүлүшкө таандык өзүнчө маданий жана коомдук-тарыхый өзгөчөлүктөргө ээ болгон адам коому.
- Бейиш – дин ишениминде дин жолунан чыкпай жүргөндөргө «тиги» дүйнөдөн берилүүчү жыргалчылык, ыракат жай, жаннат.
- Эне сүтү – бала эмизген аялдын эмчеги иштеп чыгаруучу суюктук.
- Кош бойлуулук – аялдын организминде боюна бүткөндөн тартып төрөлгөнгө чейин түйүлдүктүн өөрчүшү менен мүнөздөлгөн физиологиялык процесс. Ал орто эсеп менен 40 жумага же 280 күнгө созулат.