Сөздүк (21-күн)
- Соода – товар жүгүртүүнү, аны өндүрүү чөйрөсүнөн керектөө чөйрөсүнө жеткирүүнү камсыз кылуучу эл чарба тармагы.
- Интернет-дүкөн – интернетте товарлар менен соода жүргүзүүчү сайт. Интернет аркылуу сатууну уюштурууда, сатылуучу буюмдарды көрсөтүүдө электрондук каталогду колдонуучу Web сайттын түрү.
- Эреже – кандайдыр бир ишмердикти жүзөгө ашыруунун тартиби, жолжобосу белгиленген, мисалы: транспорттун айрым түрүн пайдалануу эрежеси, өрт коопсуздугунун эрежеси аныкталган ченемдик укуктук акты таризи.
- Кумар оюндары – жыйынтыгы оюнга катышуучулардын аракеттерине байланыштуу эмес, кокус болуучу жана алдынала болжоого болбогон мүлк, акча утуучу оюндар. К. о-нын жыйынтыгы акчалай, же башка баалуу мүлк түрүндө аныкталат.