Сөздүк (25-күн)
- Конок – сый көрүүчү адам. Мейман үй ээсинин камылгасына карай чакырылган (атайын) мейман жана кудайы (күтүүсүз) конок болуп бөлүнөт.
- Салт – укумдан тукумга өтүп, кандайдыр бир социалдык топто узак убакыт сакталуучу коомдук жана маданий мурас элементтери.
- Адептүүлүк – адамдардын жүрүм-туруму, бири-бирине жасаган мамилеси, карым-катнашы жөнүндөгү жалпы эрежелер.
- Босого – бул боз үйдүн жыгачынын бир бөлүгү. Үйдүн эшигинин жана каалгасынын жыгач кашеги.