Сөздүк (28-күн)
- Илим – коомдук тажрыйбалардагы талаптардан жана муктаждыктан пайда болуп, коомдук турмуштун материалдык прогресси менен бирге өз кезегинде коомдун өсүп-өнүгүшүнө көмөк берет.
- Дыйканчылык – маданий өсүмдүктөрдү өстүрүүгө негизделген чарбалык иштердин тиби.
- Саз — жер бетиндеги ашыкча нымдуу жерлер. Ашыкча нымдын болушунан жана органикалык заттар чирибей жыйыла берип, чымкөңгө айланат.
- Айлана – чөйрө – адамды тегерете курчап турган жашоо-тиричилик жана өндүрүштүк иш шарты. Адатта ага жаратылыш чөйрөсү жана адам өзү жараткан материалдык чөйрө (курулуштар, өнөр жай ишканалары, суу сактагычтар, ж. б.) кирет.