Текст (25-күн)
Дасторкон жаюу
«Жайыл дасторкон» деген сөз «дасторкон – достук даам» дегенди түшүндүрөт дешет. Дасторконду коноктун алдына жаюунун маданиятында да адептүүлүк болгон. Дасторкон салган адам сыңар тизелей калып, аны оң жагынан жаят. Эгерде аны бүктөөгө туура келсе, бүктөлгөн жагы төрдү карап, ачык жагы босогону карайт. «Бүктөлгөн жагы улаганы карап калса, үйгө кире турган киреше тосулуп калат» деп ырымдашып, дасторкондун башкача салынышына жол беришкен эмес. Анан майда балдарга дасторконду тегеренип ойноого тыюу салына турган.
Дагы окуу үчүн бул шилтемени басыңыз