Диалог (14-күн)
A1
Нуржан: Салам! Сен спортту жакшы көрөсүңбү?
Улан: Салам, ооба.
Нуржан: Кайсы спортту?
Улан: Футбол.
A2
Нуржан: Салам! Сен спорттун кандай түрлөрү менен машыккансың?
Улан: Салам! Мен спорттун ар кандай түрлөрү менен машыккам, бирок ичинен мага жакканы бул волейбол, баскетбол, футбол жана теннис болгон.
Нуржан: Кайсы түрүнө эң көп убакыт кетиргенсиң?
Улан: Мен толуктай профессианалдуу машыкпагандыктан өтө көп убакыт кеткен жок, бирок ушул түрлөрдүн ичинен футбол көп убакыт алды.
Нуржан: Кандай медалдарыңыз бар?
Улан: Мамлекеттик деңгээлдеги спорт жарыштарынан медалдарым бар.