Диалог (18-күн)
А1
Келин: Апа, мен бүгүн бешбармак жасайын.
Кайын эне: макул.
Келин: сизге жагабы?
Кайын эне: албетте.
А2
Келин: Апа, мен бүгүн бешбармак жасайын дегем, мага камырдын рецептин айтып бере аласызбы?
Кайын эне: Макул кызым, кел айтып берейин. Биринчиден ун, су, жумуртка, туз жана май керек. Жумуртка менен сууну аралаштырып унга кошобуз жана анын үстүнө майды салабыз. Баарын чогултуп алгандан кийин аралаштырып жууруп баштайбыз. Ал жылмакай, ийкемдүү жана камырдай сезилиши керек.
Келин: Түшүнүктүү, мен жасап баштайын. Сизге чоң рахмат!
Кайын эне: Акылды ызым, жасап үйрөн өзүңө жакшы.