Диалог (2-күн)
A1
Алмаз: Иштеп жүрөсүңбү?
Нурбек: Ооба.
Алмаз: Ийгилик сага.
Нурбек: Чоң рахмат.
A2.1
Бермет: Саламатсызбы, мен Астанага иш сапарым менен келдим.
Жылдыз: Саламатсызбы, жакшы, иш сапарыңыз ийгиликтүү өтсүн.
Бермет: Тажрыйба алмашуу боюнча маалымат керек эле.
Жылдыз: “Мугалимдер тажрыйба алмашуу” сабагын тандап алыңыз.
Бермет: Сабактын такырыбы өтө кызыктуу көрүнөт.
Жылдыз: Сиздер үчүн деп, аракет кылдык.
A2.2
Алтынай: Мен Жумушка кирүүгө өзүмдүн түйүндөмөмдү жазып келдим.
Айгерим: Аа, жакшы анда. Сен сатуучу болуп иштеп көрдүң беле мурда?
Алтынай: Ооба, бир нече дүкөндөрдө иштегенмин. Ал дүкөнчүлөрдүн мага берген сунуштары да жазылган менин түйүндөмөмдө.
Айгерим: Абдан жакшы, анда сен аялдар кийимдери бөлмөсүнө барып кийимдерди сатууга дайын абалга келтире бер.
Алтынай: Жарайт, рахмат сизге.