Диалог (20-күн)
А2
Адилет: Салам! Сен бүгүн кандай майрам экенин билесиңби?
Азим: Салам! Ооба, билем. Бүгүнкү майрам энелер күнү.
Адилет: Туура! А сен апаңды куттуктадыңбы?
Азим: Ооба, эрте менен гүл берип куттуктадым. Сыйлык алганга караганда берген жагымдуурак экен. Өзүм дагы сүйүнүп калдым.
Адилет: Албетте, мен дагы куттуктап жатканда апам көзүнө жаш алды.
Азим: Апаларыбызды кубантып жүрө берели, жарайсың!