Диалог (5-күн)
A1
Мектеп качысы: Келиңиз, Сиздин үй-бүлөөдө канча адам бар?
Жаңы келген окуучу: Биздин үй-бүлөөдө төрт адам бар.
Мектеп качысы: Кимдер?
Жаңы келген окуучу: Мен, апам, атам жана иним.
Мектеп качысы: Рахмат
Жаңы келген окуучу: Сизге да рахмат
A2
Мугалим: Окуучулар, бүгүнкү үй тапшырманын темасы (Үй-Бүлө), ким тапшырманы аткарды?
Айнура: Мен аткардым, эжеке! Айтып берсем болобу?
Мугалим: Азаматcың, тактага чыгып окуй бер
Айнур: Менин үй-бүлөм төрт адамдан турат. Алар менин атам, үй-бүлөбүздүн эң улуусу жана кожоюну. Апам болсо үй-бүлөдөгү жайлуулукка жана тазалыкка жооп берет. Менден уч жашка улуу байкем бар. Ал болсо мени ар дайым коргоп жана колдоп жүргөн адам. А мен үйдүн кенжеси жана эркеси болом.
Мугалим: Азамат! Эң жакшы! Отур, сага беш!