Диалог (8-күн)

A1


Самат: Алоо,  кутмандуу күн сизге

Белек: Алоо,  сизге дагы кутмандуу күн

Самат: Куттуктаймын, автоунаа утуп алдыңыз

Белек: Чынбы? рахмат

А2

Самат: Алоо, кутмандуу күн! Бул Белекпи?

Белек: Ооба, а бул ким?

Самат: Мен концерттерди башкаруу саласынан чалып жатам. Бир жума мурун сиз сынакка катышкан экенсиз. Байгеде концертке билет болгон. Куттуктайм! Сиз ошол билетти утуп алдыңыз!

Белек: Чын элеби? Ишенбей турам! Кубанычыма чек жок!

Самат: Ооба! Мага сиздин электрондук почтаңыз жана дарегиңиз керек. 

Белек: Belek99@gmail.сom – бул менин почтам, жана Ак-Ордо турак жайы,  Мурас көчөсү – менин дарегим

Самат: Чоң рахмат! Чабарманды күтүңүз!

 

License

LEARN TURKIC LANGUAGES Copyright © by Funda Güven; Zhazira Agabekova; Balaussa Amir; Yulduzkhan Turgunova; Dariga Kanatova; Adiya Ibrayeva; Maftuna Khalmatbayeva; Anargul Essenaliyeva; Dilyara Ergashvayeva; Nargiz Karamova; and Sanam Maratova. All Rights Reserved.

Share This Book