Текст (20-күн)
“Соккон жүрөк чыга жаздап кабынан,
Өз баласын артык көрүп баарынан.
Баласынын миң түйшүгүн көтөрүп,
Эне кымбат, эне ыйык баарынан”,-
демекчи, эне – дүйнөдө теңдеши жок, асыл зат.
“Апалар күнү” – энелерге арналган эл аралык майрам. Эл аралык айымдар күнүнөн айырмаланып, бул күнү кош бойлуу айымдарды жана апаларды куттуктайбыз. Бул майрам түрдүү өлкөлөрдө түрдүү күндөрү белгиленип келет. Көбүнчө май айынын экинчи жекшембисинде белгиленет (АКШ, Эстония, Украина, Мальта, Түркия ж.б.), Орусияда ноябрдын акыркы жекшембиси, Казакстанда 16-сентябрда, ал эми Кыргызстанда май айынын үчүнчү жекшембиси.
Дагы окуу үчүн бул шилтемени басыңыз.